Акциянын эрежелери
«Эки досуңду чакыр жана үчөөнө берилгендей бонус ал»
1. Акциянын аталышы — «Эки досуңду чакыр жана үчөөнө берилгендей бонус ал».


2. Акциянын өткөрүлүүчү аймагы — Кыргыз Республикасы, EXPERT PARK иш алып барган аймактарда.


3. Терминдер жана аныктамалар:

Акциянын Уюштуруучусу — Жеке ишкер Гальянов Альберт Разифович. Дареги: Бишкек шаары, Ленин району, Интергельпо көчөсү, 20-үй, 33-батир; каттоо номери: 17799167165345, ИНН: 22710198950160.

Өнөктөш — 18 жашка толгон жана толук аракетке жөндөмдүүлүккө ээ болгон жеке жак же EXPERT PARK системасында өнөктөш катары катталган, идентификациядан өткөн, керектүү документтерди берген жана Кыргыз Республикасынын аймагында EXPERT PARK платформасы аркылуу колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иш жүргүзгөн юридикалык жак. Өнөктөш бардык белгиленген талаптарды сактоо жана EXPERT PARK системасында идентификациядан өтүү шартында ушул Эрежелерде каралган шарттарда башка адамдарды Акцияга катышууга тартууга укуктуу.

Акциянын Катышуучусу — Акциянын шарттарын белгиленген мөөнөттө жана толук көлөмдө аткарган EXPERT PARK өнөктөшү.

Бонус — досторду EXPERT PARK өнөктөштөрү катары кошуу шарттары аткарылган учурда Акциянын катышуучусуна бир жолку берилүүчү сый акы.

Бонустун өлчөмү — Бонустун акчалай эквиваленттеги өлчөмү. Бир чакырылган дос үчүн берилүүчү Бонус 1000 сомду түзөт.

Акцияны өткөрүү мезгили — 2026-жылдын 10-сентябрынан 2026-жылдын 10-октябрына чейин кошо эсептелет.


4. Жалпы жоболор

4.1. Ушул Эрежелер Акцияны өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин, жеке жана юридикалык жактардын Акцияга катышуу шарттарын аныктайт жана Акциянын уюштуруучусунун сайтында төмөнкү дарек боюнча жайгаштырылат: https://pro.expert-park.su/akciya-kg

4.2. Акция төмөнкү критерийлердин бардыгына жооп берген жеке жана юридикалык жактар — өнөктөштөр үчүн өткөрүлөт:
● акциянын катышуучусу EXPERT PARK өнөктөшү болуп саналат жана тастыкталган салыктык статуска (жеке ишкердик/ЖИ) ээ;
● катышуучу Акция өткөрүлүп жаткан мезгилде Бонусту алууга мүмкүндүк берүүчү керектүү сандагы сапарларды / заказдарды аткарган;
● катышуучу Акция өткөрүлүп жаткан мезгилде EXPERT PARK өнөктөшү болууга эки же андан көп досун чакырган, мында чакырылган адамдардын ар бири EXPERT PARK системасында жеке ишкер/ЖИ катары катталып, каттоо учурунда аны чакырган өнөктөштүн аты-жөнүн билдирген;
● чакырылган ар бир адам Акция өткөрүлүп жаткан мезгилде эн азы, бир сапарды/заказды аткарган.
Бонусту алуу боюнча кеңири шарттар ушул Эрежелердин 4.4. жана 4.5-пункттарында көрсөтүлгөн.

4.3. Бир Катышуучу чакыра турган достордун саны чектелбейт, ал эми Акциянын шарттарын аткарган ар бир эки чакырылган дос үчүн 1000 сом өлчөмүндө кошумча Бонус төлөнөт жана бул Катышуучунун өзү Бонусту алуу үчүн зарыл болгон шарттарды аткарган учурда гана берилет.

4.4. «Эконом», «Комфорт» жана «Премиум» тарифтеринин айдоочулары жана курьерлер ( «Грузовой» тарифинен тышкары) үчүн бир чакырылган адамга Бонус алуу шарттары:
1. чакырылган дос Паркте каттоодон өткөндөн кийинки алгачкы 30 күндүн ичинде 50 же андан көп сапарларды / заказдарды аткарат;
2. сиз ошол эле мөөнөттүн ичинде 20 же андан көп сапарларды / заказдарды аткарасыз;
3. 1000 сом өлчөмүндөгү кошумча Бонус экинчи чакырылган дос бардык шарттарды аткарган учурдан тартып 3 күндүн ичинде сиздин Яндекс Про балансында эсептелет.

4.5. «Грузовой» тарифинин курьерлери үчүн бир чакырылган адамга Бонус алуу шарттары:
1. чакырылган дос Паркте каттоодон өткөндөн кийинки алгачкы 30 күндүн ичинде «Грузовой» тарифинде 20 же андан көп сапарларды аткарат;
2. сиз ошол эле мөөнөттүн ичинде «Грузовой» тарифинде 5 же андан көп сапарларды аткарасыз;
3. 1000 сом өлчөмүндөгү кошумча Бонус экинчи чакырылган дос бардык шарттарды аткарган учурдан тартып 3 күндүн ичинде сиздин Яндекс Про балансында эсептелет.

4.6. Эгерде чакырылган дос тарабынан чакырган Өнөктөшкө Бонус эсептөө үчүн зарыл болгон акыркы сапар / заказ жума күнүнө туш келсе, Бонус дүйшөмбү күнү эсептелет.

4.7. Эрежелердин 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн бардык шарттарга жооп бербеген Өнөктөштөр Акцияга катыша алышпайт жана ушул Акциянын алкагында аларга Бонус эсептелбейт.

4.8. Акцияга катышуу Катышуучунун ушул Эрежелер менен талаптагыдай таанышканын жана аларга макул экендигин тастыктайт. Катышуучу ушул Эрежелерди билүүгө жана сактоого милдеттүү.


5. Акцияны өткөрүү тартиби

5.1. Жарыяланган кошумча Бонусту алуу үчүн Катышуучу ушул Эрежелердин 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарды Акция өткөрүлүп жаткан мезгилде аткарууга тийиш.

5.2. Эрежелердин 4.2 жана 4.3-пункттарында каралган шарттарды аткарган Катышуучуга Акциянын Уюштуруучусу бир жолку 1000 сом өлчөмүндө кошумча Бонус эсептейт. Кошумча Бонус экинчи чакырылган дос үчүн берилүүчү Бонус менен бирге 3 күндүн ичинде эсептелет, 4.6-пунктта көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо.


6. Корутунду жоболор

6.1. Уюштуруучу ушул Эрежелерди каалаган убакта толуктоого жана/же өзгөртүүгө укуктуу. Ушул Эрежелерге киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалымат Уюштуруучунун сайтында https://pro.expert-park.su/akciya-kg дареги боюнча жаңы редакция күчүнө киргенге чейин кеминде 3 (үч) күн мурда алдын ала жарыяланат.

6.2. Уюштуруучу Акцияга катышууга байланыштуу Катышуучуда келип чыгышы мүмкүн болгон зыяндардын, чыгымдардын жана башка бардык чыгымдардын ордун толтурбайт жана компенсациялабайт.

6.3. Акцияга катышуу Катышуучунун ушул Эрежелерге толук макулдугун билдирет.
expert-park.mail@yandex.ru
Директорго суроолор:
Сертификацияланган өнөктөш
© 2025 EXPERT PARK